Бишкекте жаңы автобустардын жол кырсыктарына кабылышы талкууланды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте жаңы автобустардын жол кырсыктарына кабылышы талкууланды.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынынын директору Бакыт Темикеев айдоочулар арасында шашылыш жыйын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралды. Мындай учурларды четтетүү боюнча өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Ишкана башчысы жаңы айдоочуларды кабыл алуу практикасын күчөтүүнү тапшырып, автоколонналардын башчыларын жана инженерлерин алар менен туруктуу иш алып барууга милдеттендирди.

Ошондой эле Бакыт Темикеев Бишкектеги автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча буйруктун аткарылышы тууралуу маселени көтөрдү. Директор айдоочуларга жүргүнчүлөрдөн накталай акча алганы аныкталса, жумуштан бошотууга чейин тиешелүү жаза чаралары көрүлөрүн эскертти.

 31-августтан баштап Бишкек шаарында жаңы автобустар ишке киришти. Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 1000 автобус алып келине турганын билдирген. Анын 200 ү алынып келинип, шаардыктарга кызмат кыла баштаганы айтылды.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты