Бишкекте жүк ташуучу унаанын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаар мэриясынын буйругуна ылайык, 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды.

Тыюу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардам, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты