Бишкекте ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- 9 месяцев мурун
Бишкекте эртең, 3-сентябрда, саат 09:00дөн 6-сентябрь саат 16:00гө чейин Кийизбаева көчөсү, 1/3, 22/1, 22 даректеринде түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




