Бишкекте унаа жуучу жай, мончо, бассейндин иштешине чектөө алынып салынды  

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жай, мончо, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  

«Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайдын, мончо, бассейн жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды. Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат» деп айтылат маалыматта.

Буга чейин сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылган.

Байланыш телефондору: 0312 56 60 12 — Ленин району;

0312 56 60 86 — Биринчи май району;

0312 59 51 61 — Октябрь району.

Сүрөт: Интернет булактарынан. :

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты