Бишкекте унаа токтотуучу көп кабаттуу жай курулууда

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Безымянная көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсү менен кесилишинде 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Курулуш май айынын аягына чейин аякташы керек.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Безымянная көчөсүнөн ары карай ротордук унаа токтотуучу жай 10 жеңил унаага ылайыкталган жана төрт кабаттуу.

Ротордук унаа токтоочу жай пайдаланууга берилди. Унаа токтотуучу жайдын баасы саатына 25 сом.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Бишкекасфальтсервис” ишканасына шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн ротордук унаа токтотуучу жайга кирүүчү жолду иретке келтирүүнү карап чыгуу тапшырылды.

“Орто-Сай” базарынын ичинде таштандыларды сорттоочу эки пункт иштеп жатат, бул катуу таштандыларды ташып чыгаруудагы түйшүктү бир топ жеңилдетет.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты