Бишкекте унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыкты
- 1 год мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Патрис Лумумбы жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыкканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган. Мындан сырткары РЭТен 1 бригада ИИМден 4 экипаж жана «Бишкек» тазалык муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.
Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




