Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты

  • 2 года мурун

Кечээ, 23-январь күнү кечинде Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда турак үйдөн өрт чыгып, үйдүн болжол менен 220 чарчы метри күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, турак үйдөн чыккан өрт саат 23:14тө чектөөгө алынып, 24-январга караган түнү саат 01:28де толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок экендиги айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бейшемби күнү өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылганын жана куткаруу кызматы тарабынан 1 чыгуу болгонун билдирди:

— Бишкек шаарында – 1;

— Ош облусунда – 3;

— Жалал-Абад облусунда – 1;

— Ысык-Көл облусунда – 2;

— Талас облусунда – 1.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты