Бишкекте трансформатор оңдоочу цехтен өрт чыкты

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан цехтен чыккан өрт бүгүн саат 22:59да өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

«Аталган даректе өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 21:47де түшкөн. Жерине борбор шаардын Октябрь районунан, Свердлов район жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган.Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Тилсиз жоодон улам трансформатор оңдоочу жана тетиктерин чогултулган цехтин 170 чарчы аянты күйгөн» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты