Бишкекте техникалык тейлөө борборундагы өрт өчүрүлдү
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда, техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де өчүрүлдү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ дрон менен жана штаб тартылган.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 250 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен дене боюнан жабыркагандар жок.
Бүгүн, 20-январда, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда техникалык тейлөө борборунан өрт чыккандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) маалымат түшкөн.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




