Бишкекте түнкү клуб алдында ок чыгарган жаран убактылуу жайга камалды

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринин алдында куралчан болуп алып тегерегиндегилерди коркутуп жана ок чыгарган жаран убактылуу камак жайына киргизилди.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.   

Бүгүн, 14-майга, караган түнү саат 03:06 да “Асанбай” кичирайонунда түнкү клубдардын биринин алдында куралы бар жаран андан асманга ок чыгарганы маалым болгон.

Бул окуя боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Окуянын күнөкөрү 34 жаштагы А. С. аттуу жаран Бишкек шаарынын убактылуу камак жайына киргизилген.  

Сүрөт жана видео: «Короче» Телеграм-каналынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты