Бишкекте пластик иштетүүчү завод ачылат
- 2 года мурун
17-декабрда BEGREEN эко-кыймылы Бишкекте пластик иштетүүчү завод ачат.
Биздин борбор шаарда дүйнөнүн башка шаарларындай эле, пластик айлана-чөйрөнү булгоочу нерсе болуп, аны ылгоо маселеси курч коюлган.
Аталган эко-кыймыл 2019-жылдан баштап Бишкекте желим чогултуучу идиштерли орното баштаган. Азыркы күндө борбор шаарда бардыгы болуп бөтөлкө формасындагы 530 желим чогултуучу идиш орнотулган. Эми алар пластик иштетүүчү завод ачуу алдында турат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү