Бишкекте Пионер көлүн сууга түшүү маалына даярдоо иштери башталды
- 2 месяца мурун
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү иштерин баштады.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бүгүнкү күндө объектте 8 техника: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылган. Адистер көлдүн түбүн жана жээк тилкесин тазалоо, ошондой эле ылай, таштанды жана топтолгон калдыктарды чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы шаар аймактарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана Бишкектеги коомдук жайларды өнүктүрүү багытындагы иштерди улантууда.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




