Бишкекте от казандарын газга өткөрүү каралууда

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда борбор шаарда ыш маселесин чечүү тууралуу айтып берди

«Муниципалдык 22 көмүр от казанын газга жана башка альтернативдүү жылуулук булактарына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Болжолдонгон сумма 220 млн сомду түзөт » деп белгиледи мэр.

Ошондой эле коомдук транспорт жана такси үчүн атайын тилке түзүү пландаштырылууда.

Энергетика министрлиги жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү «Кара кече» көмүрүн жеке сектордо жылытуу үчүн пайдаланууга чектөө киргизүүнү сунуштоодо.

-Жергиликтүү көмүрдү «Кара-Кечеден» Бишкек шаарына алып келүүгө чектөөлөрдү киргизүү жана кийинки жылытуу мезгилинде бул көмүргө болгон баанын айырмасын керектөөчүлөргө ордун толтуруу боюнча эксперимент жүргүзүү маселесин кароо зарыл. Ошентип, түтүн көйгөйүн 20% — 40% га чече алабыз,- деп кошумчалады мэр Абдыкадыров.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты