Бишкекте One run эл аралык марафону өтөт
- 3 недели мурун
Бишкек шаарындагы «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде 24-майда саат 7:00дө One run-«Бирге чуркоо» эл аралык жарым марафону башталат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага 1000ден ашуун спортчу жана дени сак жашоону жактаган адамдар катышат. Алар 21,1 км, 10 км жана 5 км аралыкка чуркайт. Ошондой эле, эң кичинекей катышуучулар үчүн 1 км аралыкта балдардын жарышы өткөрүлөт.
Мындан сырткары бул жарыш Кытай, Бразилия, Египет, Сербия, Беларусь, Бахрейн, Катар, Венесуэла, Индия, Иордания, Малайзия, Непал, БАЭ, Пакистан, Сауд Аравиясы, Чили, Ливан, Тунис, Армения, Россияда жана башка өлкөлөрдө да бир учурда өткөрүлөт.
Иш-чара дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы жана эл аралык марафондун дирекциясынын колдоосу менен өткөрүлөт.
Жарым марафон өтүү учурунда, саат 6:30дан 12:00гө чейин унаа кыймылы чектелет. Транспорт каражаттары үчүн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы/Апсамат Масалиев проспекти боюнча кыймыл токтотулат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан