Бишкекте мыйзамсыз орнотулган батуттар менен күч ченегичтер алынып салынды

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарында ЦУМ соода борборунун жанындагы Шопоков көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүч жана батуттар демонтаждалды.

Свердлов акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен бирге мыйзамсыз объектилерден муниципалдык аймакты бошотууда.

Чүй проспектисинде жана Шопоков көчөсүндө башаламан сооданын алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты