Бишкекте мурдагы бекеттин аймагындагы объекттер алынууда

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы убактылуу курулуштарды демонтаждоо иштерин улантууда. 2025-жылдын 11 айында борбор шаарда 9 000ден ашык объект демонтаждалды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Борбор шаардын Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги объекттерди демонтаждоо иштери мэриянын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлүүдө. Бул жердеги объекттердин ижара мөөнөтү аяктагандыктан алардын демонтаждоо чечими кабыл алынган.

Бардыгы 6 негизги объект демонтаждалат, андан кийин муниципалдык жердин 700 чарчы метри бошотулат. Бул аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

2025-жылдын 11 айында башкармалыктын демилгеси менен 9 000ден ашык объект демонтаждалды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты