Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды

  • 8 месяцев мурун

Бишкектин мектептеринин биринин директору акча каражатын пара катары алып жатканда кармалды. Директор билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алгандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. тергөө учурундагы камак жайга киргизилди.

Директор К.А.Т. билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган.

Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты