Бишкекте Медеров көчөсүндөгү 12 кабат имарат боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан курулуш тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерүүгө алынды. Текшерүүдө “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик ишканасынын, мамлекеттик экспертиза департаментинин жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эксперттик комиссиясынын кызматкерлери шаар куруу жана өрт коопсуздугу талаптарын эске албай, жанаша турган жер ээлеринин конституциялык укуктарын бузуп, Медеров көчөсүнүн кесилишиндеги 12 кабат турак жайдын курулушуна уруксат кагаздарын берип коюшкандыгы аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине карата кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты