Бишкекте Матросов көчөсүндөгү ири өрттү өчүрүү иши жүрүүдө  

Бүгүн, 9-июнга караган түнү, Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсүнүн 1А (май-сыр-база) дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыккан.

Өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат 01:39дан тартып өрттү өчүрө баштаган. Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 метр2 түзөт. Алдын ала маалымат боюнча, адамдар жабыркаган эмес.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар (моющие средства) жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды.

Ошондой эле куткаруучулары 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон ыкчам түрдө чыгарып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду.

Бишкекте Матросов көчөсүндөгү ири өрттү өчүрүү иши жүрүүдө  
Бишкекте Матросов көчөсүндөгү ири өрттү өчүрүү иши жүрүүдө  

Бишкекте Матросов көчөсүндөгү ири өрттү өчүрүү иши жүрүүдө  
Бишкекте Матросов көчөсүндөгү ири өрттү өчүрүү иши жүрүүдө  
Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты