Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

  • 12 месяцев мурун

Эртең, 2-июлда, Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Лев Толстой көчөсүнүн республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин баштоону пландоодо.

Бул иште 60 күндүн ичинде бүткөрүлөрү айтылды.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты