Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду
- 2 недели мурун
Бишкек шаарында Курманжан датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдады.
Мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жолдун жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет. Жол кырсыктарынын алдын алууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого түздөн-түз өбөлгө түзөт.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




