Бишкекте Комсомол көлү ачылды

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте Кара Жыгач токоюндагы Комсомол көлү ачылды. Оңдоп-түзөөдөн өткөн аймак эми ысыкта салкындап, эс алууну каалагандардын баарына жеткиликтүү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Комсомол көлү 10:00дөн 19:00гө чейин ачык. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат.

Мэрия Комсомол көлүндө сүзүүнүн бир нече эрежелерин эске салды:

— балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;

— белгиленген жерден ары сүзүүгө болбойт;

— мас абалында сууга түшүүгө болбойт;

— баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;

— кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;

— сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, Бишкек шаарынын мэриясы сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону суранат.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты