Бишкекте Киев көчөсүнүн айрым кесилишинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
- 4 недели мурун
Бишкек шаарында Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери башталат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 15-июнунан 15-августуна чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде жолду кесип өткөн жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу, иш алып барылып жаткан учурда кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылып турат. Ар бир тилкедеги иштердин аткарылышына жараша кесилиштер кезек менен жабылат.
2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки тилкесинде магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо пландалууда.
Ар бир кесилиштин жабылуу графиги тууралуу маалымат кошумча берилет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




