Бишкекте казино ачууга каршы болгондор нааразылык акциясына чыкты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кумарканалардын кайра ачылышына каршы болгон жарандар акцияга чыкты. Топтолгон 20 чакты адам депутаттардан мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылышты.

Парламенттин тармактык комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутат Дастан Бекешов «Твиттердеги» баракчасына “мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Анткени бул Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачат. Жарандар баары бир казино ойнойт”деп жазган.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген бул мыйзам долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров журналисттерге курган маектеринде документти колдоорун билдиришкен.

Былтыр депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө бир катар нааразылыктардан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Казиного каршы пикирдеги Эльдар Абакировдун маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты