Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган ишкана ачылды

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте кагаз буюмдарын жасаган ишкана ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында “ИФА” ЖЧКнын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишкананын ачылыш аземине катышты. 

Анда Акылбек Жапаров акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, ушул жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди. 

“Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз” деди Акылбек Жапаров. 

Санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга  Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3,2 млн долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон. 

Акылбек Жапаров өз сөзүн жыйынтыктап жатып, бул долбоорду ишке ашыруу Орусия менен соода-экономикалык мамилелер дагы бекемделээрин, анткени чийки заттын – макулатуранын 70%зы Россиядан алынаарын билдирди.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты