Бишкекте көп кабат үйдөн өрт чыгып, үч киши терезеден секирип, жаракат алды. 50дөй киши эвакуацияланды

Бүгүн, 15-ноябрда, таң эрте Бишкектеги Биринчи май районунун Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №16 үйдөн өрт чыкты. 50дөй киши эвакуацияланды. Эч киши терезеден секирип, жаракат алды.

Окуя болгон жерге биринчи болуп милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жетишкен. Өзгөчө кыраалдар министрлигинин куткаруучулары келе электе, батирлерде адамдар жана балдар калганын аныктап, кайгуул кызматкерлери кран жана тепкич аркылуу тургундарды терезе аркылуу эвакуациялай баштаган. Калың түтүнгө карабай, кызматкерлер жогорку кабаттарга көтөрүлүп, жарандарды коопсуз аймакка түшүрүп турушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, таңкы саат 6:20дан тартып, шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган. Алар үйдүн 50 жашоочусун коопсуз тилкеге эвакуациялашкан.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен “тилсиз жоо” саат 08:50дө чектөөгө алынган.  Өрттүн аянты болжол менен 800 чарчы метр аянтты кучагына алды.

Сүрөт: Милициянын кайгуул кызматынын видео тасмасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты