Бишкекте көчөнүн убактылуу жабылышынан улам автобустун жүрүү схемасы өзгөртүлдү

  • 3 недели мурун

17-18-июнда чейин Бишкек шаарында Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши жабылгандыгына байланыштуу 13 автобустук каттамдын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бул чаралар оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мезгилинде коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №10(Т), №103, №56, №152, №175, №66, №104, №35, №1, №9, №215, №45 жана №146.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты