Бишкекте көчө кесилиштери көрктөндүрүлүүдө
- 1 год мурун
«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарында ландшафттык бурчтар менен көчөлөрдү көркүнө чыгарууда.
Эми 7-апрель-Ахунбаев, Курманжан Датка-Салиева, Тоголок-Молдо-Киев, Ибраимов-Жумабек, Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия бульварынын кесилиштеринде көз көнгөн жашыл майсандан тышкары жашыл өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрү жана өңдөрү пайда болот.
Ландшафттык бурчтар жалаң гана бак-дарактар менен кооздолбостон, атайын декоративдик таштар жана сүрөттөр менен коохдолгон.
Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү