Бишкекте Jaz demi марафону уюштурулду

Бишкек шаарында бүгүн, 13-апрелде, жазгы Jaz demi марафону өттү. Марафон «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында башталып, аягында да ушул жакка чуркап келишти.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Быйылкы иш-чарага 3800гө жакын спортчу жана дени сак жашоо образын карманган жарандар катышты. Жарыш алкагында 5 км, 10 км жана 21.1 км аралыктагы дистанциялар каралган. Ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн атайын «Kid’s Run» жарышы камтылды.

Иш-чараны «Nomad Sport» коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен уюштурду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Видео: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты