Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарында 2-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жай, мектеп, балдар бакчалары, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу борбор шаар мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы Чүй проспекти, Фрунзе көчөсү, Манас, Жибек Жолу проспекттери Ала-Арча дарыясына чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектелет.
Суу «Белинский» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Схема: bishkek.gov.kg




