Бишкекте футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндары өтөт
- 2 года мурун
Бүгүн, 8-июнда, футбол боюнча Азия кубогу-2023 тандоо турунун оюндарында Кыргызстан Сингапур менен беттешет.
8, 11 жана 14-июнь күндөрү Азия кубогунун тандоо турниринин топтук айлампасы өтөт. Чоң футбол Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Кыргызстандын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапур командалары менен беттешет.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
8-июнда Азия кубогу-2023 тандоо турунун оюндарында Кыргызстан Сингапур менен беттешет. Ал эми Тажикстан Мьянма менен беттешет.
11-июнь:
• Сингапур — Тажикстан
• Мьянма — Кыргызстан
14-июнь
• Кыргызстан — Тажикистан
• Мьянма — Сингапур
Кыргыз футболдук бирлиги кыргызстандыктарды өз спортчуларын сүрөөгө чакырат.