Бишкекте эл аралык One Run жөө жарышы өтөт
- 1 месяц мурун
Бишкекте 23-майда «Баатырлар лигасынын» алкагында One Run эл аралык жөө жарышы өтөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылганлай, жарышка 1200дөн ашык адам катышат. Катышуучуларга төмөнкү аралыктар сунушталат: 1 км, 5 км, 10 км жана 21,1 км.
Жөө жарыштын багыты шаардын түштүк бөлүгү (Түштүк магистраль) аркылуу өтөт. Старт-финиш зонасы жана күйөрмандар шаарчасы «Газпром» балдарга” жайгашат.
Иш-чарага байланыштуу 23-майда саат 6:30дан 13:00гө чейин жарыштын багыты боюнча жол кыймылы убактылуу жабылат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




