Бишкекте «Дубровский» кафесинин жанындагы тосмо алынды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарындагы «Дубровский» кафесинин жанындагы тосмо уруксатсыз коюлгандыгына байланыштуу алынып салынды.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери Исакеев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Дубровский» кафесинде тосмо уруксатсыз орнотулгандыгын аныктаган.

Кафенин түштүк тарабында көрктөндүрүү үчүн берилген жерге уруксат кагаздары жок, кафенин жайкы аянтчасы катары пайдаланылып жаткан. Ошондой эле 7-апрель көчөсү тарабынан уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкциялар орнотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты