Бишкекте Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында 17-марттан 19-мартка чейин жолду оңдоо иштерине байланыштуу, Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Аталган күндөрү Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши унаа үчүн жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат, ал эми чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт.

Мэрия жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты