Бишкекте дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 26-майга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, өрттү өчүрүүгө саат 02:56ден тартып Ленин райондук №28 Өрт куткаруу бөлүгүнөн (ӨКБдан) 1, кошумча саат 03:15те №6 ӨКБдан 1, саат 03:18те №4 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 04:07де чектөөгө алынып, саат таңкы 5:06да өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган дүкөн өрттөнүп кеткен.

Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты