Бишкекте Чүй проспектисиндеги унаа жолунда өзгөрүүлөр болот

  • 1 год мурун

Бишкек мэриясы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, тейлөөчү объектилер менен жабдылган жаңы жер астындагы өтмөктү, ошондой эле 220дан ашуун унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор башталарын билдирди. Ошол себептен, 31-марттан тартып, көчөлөрдүн бир бөлүгү жабыларын жана жүрүү схемасы өзгөрөрүн билдирди.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

“2025-жылдын 31-мартынан тарта курулуш иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул аймактагы айрым автобус каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрөт:

№№ 5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 маршруттук каттам Фрунзе көчөсүнө которулат.

№№ 7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттук каттам Киев көчөсүнө багытталат.

Ошондой эле жол тыгынын азайтуу үчүн жол чырактардын иштөө цикли да өзгөртүлөт.

Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши шаардагы калктын жыш жүргөн жана кыймылдын натыйжасында эң көп жол тыгынын жараткан жерлердин бири болуп саналат. Жаңы жер астындагы өтмөктөр жөө жүргүнчүлөргө коопсуз жолду өтүүгө, ал эми жер астындагы унаа токтоочу жай көчөдөгү тыгындарды азайтууга шарт түзөт.

Долбоор «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» ЖЧК компанияларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылат. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Курулуш эки жылга жакын созулат” деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы бул ыңгайсыздыктар убактылуу экенин билдирип, “убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, багытыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз” деди.

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты