Бишкекте Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн парламентчилеринин жолугушуусу өтүүдө
- 4 недели мурун
Бүгүн, 21-майда, Бишкек шаарында «Борбор Азияда гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» темасында парламент өкүлдөрүнүн жолугушуусу өз ишин баштады.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара Жогорку Кеңеш тарабынан Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форуму (AFPPD) менен бирге, Япониянын трасттык фондунун (JTF) жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (UNFPA) колдоосу алдында өткөрүлүүдө.
Жолугушуунун модератору болуп Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы, Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламенттарийлердин Азия форумунун вице-төрайымы Элвира Сурабалдиева алып барууда.
Конференцияга Кыргызстан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламент өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.
Сессия жүрүшүндө катышуучулар мыйзамдарды өркүндөтүү, айымдардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүү, айымдардын укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү, айымдардын лидерлигин колдоо, ошондой эле парламенттер аралык жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Ошону менен бирге аймактагы өлкөлөрдүн парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык миссиялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү баяндама жасашат.
Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы өлкөлөрдө гендердик теңчиликти илгерилетүү жана айымдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу күтүлүүдө.
Сүрөт: «Кабар»




