Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run — 2025 марафону өтөт
- 5 месяцев мурун
21-сентябрда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен бирге уюштурууда.
Марафон борбордун негизги көчөлөрү: Чүй проспектиси, Жусуп Абдрахманов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси жана башка белгилүү жайлар аркылуу өтөт. Башкы старттык аймак — «Ала-Тоо» аянты, ал эми 5 км аралыктагы чуркоо «Манас» кинотеатрынын алдынан (Ч. Айтматов проспектиси, 47а) башталат.
Катышуучулар 5 км, 14 км, 21,1 км жана 42,2 км аралыкты тандашат. Ал эми балдар үчүн атайын Kulikov Kid’s Run чуркоосу уюштурулуп, анда 100, 300, 500 метр жана 1 км аралык бар.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




