Бишкекте бир нече шаардык автобус схемасы үч күнгө өзгөрөт
- 7 месяцев мурун
Бишкекте Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол участогу 19-22-сентябрына чейин үч күнгө убактылуу жабылганына байланыштуу бир катар каттамдардын кыймылы өзгөрөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул каттамдар убактылуу башка көчөлөр менен жүрөт: № 23, 103, 107, 222, 227, 7Т, 8Т, 135, 132, 133, 134, 161, 204, 295.
Бишкек мэриясы бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды жана сапарларыңызды алдын ала пландаштырууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




