Бишкекте белгилүү журналист Ольга Дзюбенконун сөөгү жерге берилди  

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 23-декабрда, Бишкекте кыргызстандык белгилүү журналист, Reuters маалымат агенттигинин кабарчысы Ольга Дзюбенконун сөөгү жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатууга жакындары, кесиптештери, жакын санаалаштары, бийлик өкүлдөрү катышты.

Ольга Дзюбенко 2023-жылдын 21-декабрында 69 жаш курагында оорудан улам көз жумган.

Ал 1954-жылы 30-январда туулган. 1971-жылы Бишкек шаарындагы (ал кезде Фрунзе шаары) №13 орто мектепти, 1975-жылы Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. 1982-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.  

1979-1984-жылдары “Комсомолец Киргизии” гезитинин кабарчы, андан кийин КирТАГда, “Слово Кыргызстана” гезитинде баяндамачы болуп эмгектенген.   

1998-2023-жылдары Reuters маалымат агенттигинде кабарчы болуп иштеген.  

Ольга Дзюбенко мыкты журналист, адамгерчиликтүү инсан болгон.  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

“ПолитКлиника” медиасындагы кесиптештери Ольга Дзюбенконун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты