Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталды

  • 4 недели мурун

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 12-майдан тартып Бөкөнбаев көчөсүндө Панфилов көчөсүнөн Республикалык ооруканадагы жол чыракка чейинки аралыкта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин баштайт.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Оңдоп-түзөө иштери жүрө турган тилкенин жалпы узундугу 321 метрди түзөт. Бул түтүктөр 1986-жылы колдонууга берилген.

Иш алып баруу учурунда Бөкөнбаев көчөсү аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет. Автоунаалардын өтүүсү үчүн бир тилке ачык калтырылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты