Бишкекте ала качууга шек саналып эки адам кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Ленин райондук милициясы кыз ала качууга шек саналып 31 жаштагы эки адам кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, милицияга 27-декабрда 21 жаштагы кыз кайрылып арыз жазган. Анда шаардагы муз тебүү аянтынан эки бала үйүнө жеткирүүнү убада кылганын, бирок аны бейтааныш үйгө алып келип эркине каршы никеге турууга мажбурлашканын билдирген. Милиция бул фактынын негизинде кылмыш ишин козгогон.

4-январда Ош облустук милициясы 23 жаштагы кыз уурдалып бараткан жеринен куткарылганын кабарлаган. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-декабрда Кара-Суу районунун аймагында болгон. Бул факт боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты