Бишкекте айрым жерлерде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 25-декабрда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук тармагындагы бузулууну жоюу максатында, 6-кичирайондо жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Жылуулугунда бузулуу болгон жер алдын ала аныкталып, ширетүү иштери үчүн даярдалган.

Токтотуу төмөнкү үйлөргө тиешелүү болот:

6-кичирайондун 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 38, 39, 40, 41-үйлөрү. №44 жана №84 бала бакчалар, №56 орто мектеп.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты