Бишкекте “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын эски аянтында айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өтүп жаткан “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси башталды.

Иш-чаранын ачылышына президенттик администрациясынын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баштаган аткаминерлер катышты.

Көргөзмөдө айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар жана өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, мал чарбасына колдонулуучу жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүүгө коюлду. Ошондой эле органикалык азыктарды өндүргөн дыйкан-фермерлер өз продуктуларын эл баасына алып чыгышты.

“АгроТехЭкспо» көргөзмөсү бир нече жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 22-октябрда башталган иш-чара 24-октябрга чейин уланмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты