Бишкекте Абдумомунов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
- 11 месяцев мурун
16-июлда жолду реабилитациялоонун алкагында Бишкек шаарынын Абдумомунов көчөсүнүн Акиев көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап алууну, ошондой эле коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




