Бишкекте 31-майда балдар марафону өтөт

  • 1 месяц мурун

31-майда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта SHORO TAYKŪLŪK KIDS RUN балдар жарышы өтөт. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.

Иш-чара бардык жаш категорияларын – 2 жаштан 16 жашка чейинки балдарды камтыйт:  

2-5 жаш — 300 м, 6-8 жаш — 500 м, 9-12 жаш — 1 км, 13-16 жаш — 3 км.

Көрүүчүлөр жана коноктор үчүн фуд-корт, оюн аянтчалары, сахна, улуттук кийимдеги аниматорлор менен старт шаарчасы уюштурулат. Ошондой эле спектакль, сынактар жана майрамдык программа пландаштырылган.

Жарыштын маршруту Абдумомунов көчөсү менен өтөт. Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп, марада “Тез жардам” станциясы нөөмөттө турат.

Иш-чарага байланыштуу 31-май күнү саат 07:00дөн 21:00гө чейин №1 автобустун каттамы өзгөрөт.

Суроолор боюнча ушул номерлерге кайрылсаңыздар болот: Тел: 0555 909 309; 0501 909 309

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты