Бишкекте №31 багыттагы 15 автобус каттай баштайт  

  • 1 год мурун

Бишкекте эртең, 27-февралдан баштап, №31 багыттагы15 автобус каттай баштайт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, автобус “Ынтымак” жаңы конушунан (айлампа) баштап,  101-маршруттук таксинин багыты менен жүрөт. Аралыктын узундугу 34 чакырым, ар 7 мүнөт сайын каттайт. Бул багытта 15 автобус каттамга чыгат.

Ал эми бул багыттагы автобустун катташы менен, 27-февралдан тартып, 101-маршруттук такси багытын өзгөртүп каттайт.   

Бишкекте №31 багыттагы 15 автобус каттай баштайт  

Башкы сүрөт: Иллюстрациялык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты