Бишкекте 30 миң дарак көчөтү отургузулду

  • 3 месяца мурун

Борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын өсүмдүк өстүрүүчү жайына барып, көчөттөрдү көрдү.

Учурда болжол менен 50 миң көчөт алып келинген. Бүгүнкү күнгө чейин 30 миң дарак көчөтү отургузулду.
Жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, эс алуу жайларын уюштуруу жана бул жайды өзгөчө экинчи ботаникалык бакка айландыруу ойлору айтылды.

Ошондой эле көчмө жыйындын алкагында шаар боюнча иштерди жүргүзүү үчүн ишканага 12 жаңы атайын техника берилди. Алардын катарына автокран, кичи-экскаватор, жүктөгүч, экскаватор, манипулятор жана газон тейлөөгө арналган техника кирет.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты