Бишкекте №102 жана №162 багыттарда жаңы автобустар ишке киришти

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарында №102 жана №162 багыттар боюнча автобустар жүрө баштады.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Аталган каттамдарда буга чейин жалаң кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды муниципалдык «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» тейлейт.

Маалыматта айтылгандай, №102 автобус «Рухий- Мурас» жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамда 12 автобус иштемекчи.

№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты