Бишкекте №1 каттамдын багыты өзгөртүлдү

  • 10 месяцев мурун

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тейлеген №1 каттам 2-сентябрдан баштап каттамын өзгөрттү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү менен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттачу. Эми шаар тургундарынын жана ага чектеш райондордун тургундарынын кайрылууларынын негизинде каттам Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты